Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга барды

Садыр Жапаров расмий сапар менен Кореяга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда расмий сапар менен Корея Республикасына барды.

Сеул шаарынын аэропортунан өлкө башчысын Кореянын климат, энергетика жана экология биринчи вице-министри Ким Хан Сын жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна Кыргызстандын жана Кореянын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем төшөлүп, ардак кароол тизилген.

Сапардын алкагында мамлекет башчысынын Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуусу пландалган. Ошондой эле президент Садыр Жапаров “Борбор Азия + Корея Республикасы” биринчи саммитине катышат.

Мындан тышкары мамлекет башчысы бизнес саммиттин атайын сессиясына катышмакчы.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар