Башкы беткеМинистрлер кабинетиЫсык-Көлдүн Ак-Кочкор айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ысык-Көлдүн Ак-Кочкор айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ак-Кочкор айылында О. Эсенканов атындагы 150 орундуу мектептин жаңы окуу корпусу ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектеп Эгемендүүлүкүн 35 жылдыгына карата өлкө боюнча пайдаланууга берилген 105 социалдык объектинин катарына кирет. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 87,9 млн сомду түздү.

“Жаңы окуу корпусу заманбап талаптарга ылайык курулган. Имараттын жалпы аянты 1 236 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык, имарат өткөөл галерея аркылуу бириктирилген төрт блоктон турат. Корпуста окуу кабинеттеринен тышкары китепкана, ашкана, жыйындар жана спорт залдары каралган”, – деп айтылат маалыматта.

Курулуш иштери 2024-жылы башталып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаментинин көзөмөлүндө жүргүзүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар