Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Сеулдагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына келди

Садыр Жапаров Сеулдагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына келди

Президент Садыр Жапаров 16-сентябрда Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарындагы Чхонвадэ мамлекеттик резиденциясына барды.

Мамлекет башчысын жана Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарованы Кореянын президенти Ли Чжэ Мён жана биринчи айымы Ким Хе Гён тосуп алышты.

Расмий тосуп алуу аземинен жана биргелешкен сүрөткө түшүүдөн кийин Садыр Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Андан соң эки өлкөнүн лидерлери сүйлөшүүлөрдү өткөрүү залына бет алышты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар