Башкы беткеМинистрлер кабинетиОкуу китептерине QR-код коюлат

Окуу китептерине QR-код коюлат

Окуу китептери базарларга тарап кеткен чырдан кийин Агартуу министрлиги ар бир китепке QR-код чаптамай болду. Бул туралуу аталган министрлик кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тиешелүү мамлекеттик органдар менен өткөрүлгөн жыйындан кийин билдиргендей, QR-код окуу китептеринин кыймылын көзөмөлдөөгө, тактап айтканда, китептин кайсы аймакка, мектепке жана класска берилгендиги тууралуу маалыматты аныктоого мүмкүнчүлүк берет.

“Ошондой эле QR-код аркылуу окуучулар жана мугалимдер окуу китебинин мазмунуна байланыштуу кошумча электрондук материалдарга жана санариптик ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат”. – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, окуу китептерин басып чыгарууга каралган каражаттарды каржылоо жана бул багыттагы иштерди колдоо маселелери талкууланды. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев окуу китептерин басып чыгарууга зарыл болгон каражат маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар