Башкы беткеПрезидент”Борбордук Азия - Корея Республикасы” саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алынды

”Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитинин жыйынтыгында Сеул декларациясы кабыл алынды

Бүгүн, 16-сентябрда, “Борбордук Азия – Корея Республикасы” саммитинин жыйынтыгында мамлекет башчылары Сеул декларациясына кол коюшту.

Декларацияга кол коюу аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев жана Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мён катышышты.

Лидерлер Корея Республикасы менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин негизги маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар