Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, Корея Республикасына расмий сапарынын алкагында Сеул шаарында Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикери Чо Чжон Шик менен жолугушту. Мамлекет башчысы Чо Чжон Шикти Корея парламентинин спикери болуп шайланышы менен куттуктап, жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууда тараптар кыргыз-корей мамилелеринин учурдагы абалын жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулашты. Садыр Жапаров саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарды камтыган эки тараптуу кызматташтыктын туруктуу мүнөзүн белгиледи.
Президент парламенттер аралык байланыштарды чыңдоонун, өз ара саясий ишенимди бекемдөөнүн жана жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө токтолду. Ушуга байланыштуу эки өлкөнүн тиешелүү комитеттери жана депутаттык топторунун ортосундагы байланыштарды активдештирүүнү сунуштады.
Ошондой эле «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматындагы биринчи саммиттин жыйынтыктары талкууланып, Президент бул форматка катышкан өлкөлөрдүн парламент спикерлеринин кезектеги жолугушуусун Бишкек шаарында өткөрүүгө Кыргызстан даяр экенин билдирди.
Садыр Жапаров Корея Республикасынын Президенти Ли Чжэ Мён менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары жана эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлганын белгилеп, корей парламентин жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон мыйзамдык колдоону көрсөтүүгө чакырды.
Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандарына Корея Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө шарт түзүлүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирип, Кореядагы кыргызстандыктардын санынын өсүшүнө байланыштуу социалдык камсыздоо жаатындагы укуктук базаны өркүндөтүү зарылдыгын белгиледи.
Бул багытта Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосунда социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү тез арада аяктап, тиешелүү мамлекеттер аралык келишимди кол коюуга даярдоонун маанилүүлүгү айтылды.
Өз кезегинде Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикери Чо Чжон Шик Президент Садыр Жапаровго сапары жана куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал Сеул Бишкек менен ар тараптуу өнөктөштүктү чыңдоого чоң маани берип жатканын белгилеп, парламенттер аралык диалог эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын айтты.
Спикер кызматташтыктын келечектүү багыттары катары жасалма интеллект, алдыңкы технологиялар, энергетика жана саламаттык сактоо тармактарын атады.
Экономикалык кызматташтыкка токтолгон Чо Чжон Шик эки тараптуу товар жүгүртүүнүн эки эсеге өскөнүн белгиледи. Ошондой эле Кыргызстанда иш алып барган корей компанияларын колдоо максатында KOTRAнын өкүлчүлүгүн ачуу пландалып жатканын билдирди.
Мындан тышкары, спикер «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматындагы парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, кийинки жылы корей диаспорасынын Борбордук Азия өлкөлөрүнө көчүрүлүп келгенине 90 жыл толоруна байланыштуу бул багыттагы өз ара байланышты улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Корея Республикасынын Улуттук жыйынынын спикери Чо Чжон Шикти Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Чо Чжон Шик чакырууну ыраазычылык менен кабыл алып, жетишилген макулдашуулар жана жүргүзүлгөн диалог кыргыз-корей достугунун жана кызматташтыгынын мындан аркы өнүгүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүнө ишеним билдирди.



