Башкы беткеЭкономикаКыргызстандын сарымсагынын алгачкы партиясы АКШга жетти

Кыргызстандын сарымсагынын алгачкы партиясы АКШга жетти

Кыргызстандан сарымсак жүктөлгөн алгачкы контейнер АКШнын рыногуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу Мөмө өсүмдүктөрүн өндүрүүчүлөр ассоциациясынын жетекчиси Тилек Токтогазиев “Жашыл чай” подкастында билдирди.

Анын айтымында, жүк КШга жетип, учурда бажылык тариздөө жараянынан өтүп жатат. Экспорт сарымсак өстүрүү боюнча иш алып барган ири америкалык компания менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин мүмкүн болгон.

“Кыргызстандын сарымсагы азыр Америкада. Биз биринчи контейнерди жөнөткөнбүз, ал учурда АКШда турат жана бажыдан өткөрүлүп жатат”, – деди ал.

Анын айтымында, АКШ тарап сарымсак сатып алууга гана эмес, кыргызстандык фермерлер менен кызматташууга да кызыкдар. Учурда өндүрүүчүлөрдүн чыгымдарынын бир бөлүгүн каржылоо жана сатып алуу баасын алдын ала макулдашуу мүмкүнчүлүгү талкууланууда.

Токтогазиев кыргыз сарымсагынын артыкчылыгы катары анын сапатын белгиледи. Ошол эле учурда продукцияны Кыргызстандан АКШга жеткирүүнүн кымбаттыгы негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.

Ал биринчи партиядан кийин АКШга сарымсак жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк болоруна үмүт артууда.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар