Бүгүн, 18-сентябрда, өлкө башчысы Садыр Жапаров иш сапар менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды.
Садыр Жапаров менен Айгүл Жапарованы Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.
Сапардын алкагында Президент штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, ошондой эле туризм жана тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат.
Андан соң Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп, ал жерде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышат, ошондой эле мамлекет башчылары жана АКШнын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.




