Жапонияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык мушкер Ырыскелди Дүйшеев ММА боюнча финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Ал мелдешти чейрек финалдан баштап, Палестинанын өкүлү Сами Аккавени 3:0 эсебинде жеңген.
Бүгүн, 21-сентябрда өткөн жарым финалда Дүйшеев Тажикстандын спортчусу Бехруз Хуршедшоданы да 3:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алды.
Финалдык беттеште Ырыскелди Дүйшеев Азия оюндарынын чемпиондугу үчүн күч сынашат.



