Башкы беткеЭкономикаКыргыз Соода-өнөр жай палатасы Шанхайда өкүлчүлүгүн ачты

Кыргыз Соода-өнөр жай палатасы Шанхайда өкүлчүлүгүн ачты

Кыргыз Соода-өнөр жай палатасы Кытайдын Шанхай шаарында өзүнүн өкүлчүлүгүн ачты. Анын ачылыш аземине палатанын президенти Темир Сариев катышты.

Өкүлчүлүктүн негизги багыттарынын бири — Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы сооданы кеңейтүү жана биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү. Шанхай Кытайдын ири финансылык, технологиялык, өнөр жай жана логистикалык борборлорунун бири болуп саналат.

Буга чейин Темир Сариев Кыргызстанда 100 кыргыз-кытай биргелешкен ишканасын түзүү демилгесин көтөргөн. Анын айтымында, бул долбоорлор аркылуу технология жана инвестиция тартылып, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар