Башкы беткеПрезидентАйыл башчы муниципалдык кызматкер болду

Айыл башчы муниципалдык кызматкер болду

Бүгүндөн тарта Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, “айыл башчысы” кызматы Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрине киргизилди.

Жаңы өзгөртүүгө ылайык, айыл башчысы кызматы “К-А” категориясындагы административдик муниципалдык кызмат орундарынын кенже тобуна киргизилди. Аталган категорияга жетекчи адис кызматы да кирет.

Бул өзгөртүү калктуу конуштарда жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштурууга багытталган.

Айыл башчысы институту жергиликтүү деңгээлде калк менен иш алып барууга, коомчулуктун катышуусун камсыздоого жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө көмөктөшүүгө багытталган.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча расмий маалыматтарда айыл башчысы кызматынан айырмаланып, айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнчө саясий кызмат орду катары каралары көрсөтүлгөн.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар