Башкы беткеПрезидентЖапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө ортомчу болууга даяр...

Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясында Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө ортомчу болууга даяр экенин билдирди

Кыргызстан эл аралык маселелерди чечүүдө ортомчу болууга даяр. Ошондой эле өлкө тоолуу мамлекеттердин кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын Нью-Йоркто өтүп жаткан 81-сессиясында билдирди.

Мамлекет башчысы дүйнөдө куралдуу кагылышуулар уланып жатканын белгилеп, Кыргызстан көйгөйлөрдү диалог жана тынчтык жолу менен чечүүнү жактай турганын айтты.

Анын айтымында, буга Борбор Азия өлкөлөрүнүн акыркы жылдардагы тажрыйбасы мисал боло алат. Аймак мамлекеттери бир катар татаал мамлекеттер аралык маселелерди тынчтык жолу менен чечип, Борбор Азияны экономикалык жана технологиялык өнүгүү багытына бурууга жетишти.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эл аралык аренадагы ролу өлкөнүн БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы мүчөлүгүнө тарыхта биринчи жолу шайланышы менен дагы бекемделгенин белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргызстанды 142 мамлекеттин колдоосу өлкөнүн эл аралык укукту сактоо жана адам укуктарын коргоо жаатындагы жоопкерчилигин жогорулатууга даяр экенин көрсөтөт.

Садыр Жапаров климаттын өзгөрүшүнө да токтолуп, мөңгүлөрдүн эриши аймак үчүн олуттуу экологиялык көйгөйгө айланганын айтты. Бул процесс энергетикалык жана азык-түлүк коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу президент 2027-жылдын күзүндө Бишкекте Тоо саммитин өткөрүү пландалып жатканын жарыялап, эл аралык коомчулукту тоолуу аймактардын жана экосистемалардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүгө чакырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар