Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Тринидад жана Тобаго Премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Садыр Жапаров Тринидад жана Тобаго Премьер-министри менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Тринидад жана Тобаго Республикасынын Премьер-министри Камла Персад-Биссессар менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстан менен Тринидад жана Тобаго ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейнинин мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, Тринидад жана Тобаго менен жакын байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.

Мамлекет башчысы Камла Персад-Биссессарды Тринидад жана Тобагонун 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады.

Ошондой эле Кыргызстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин алкагында Тринидад жана Тобаго менен тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Садыр Жапаров чакан жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин, ошондой эле климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине көбүрөөк дуушар болгон өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын биргелешип илгерилетүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

Өз кезегинде Камла Персад-Биссессар соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык багыттарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Анын ичинде кайра жаралуучу энергия булактары жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурулду.

Тринидад жана Тобагонун Премьер-министри ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча эки тараптуу диалогду мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. Мындан тышкары, Кыргызстандын деңиз транспорттук жолдоруна чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көмөк көрсөтүү маселеси айтылды.

Жолугушуунун соңунда тараптар конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө жана Кыргызстан менен Тринидад жана Тобаго ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар