Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Жумушчу сапардын алкагында жарандарды тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, онлайн-кызматтарды кеңейтүү, санариптештирүүнү тездетүү жана айдоочулук экзамендерди өткөрүүнү жакшыртуу маселелери талкууланды.
Кезек күтүүлөрдү азайтуу үчүн 250дөн ашык транспорт каражатын берүү пландалууда. Ошондой эле чет өлкөдө иштей турган кесипкөй айдоочуларды даярдоо үчүн Code 95 талаптарына жооп берген заманбап автодром курулууда.
Каныбек Туманбаев экзамендердин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылып, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана жарандар үчүн бирдей шарттарды түзүү боюнча тапшырмаларды берди.
Мындан тышкары, Бишкек шаарында борбордук аппараттын жаңы имараты курулуп, Ош шаарында заманбап инфраструктурасы жана автодрому бар аймактык бөлүм жакынкы күндөрү ишке берилери маалымдалды.




