Мамлекеттик Камсыздандыруу Уюму (МКУ) 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жарандарга көрсөтүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрү жана өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган турак жай ээлерине берилген колдоо тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Маалымат жыйында МКУ тарабынан жүргүзүлгөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жыйынтыктары, жарандарга компенсация төлөө тартиби жана өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган турак жай ээлерине көрсөтүлүп жаткан колдоо тууралуу кеңири маалымат берилди.
Тактап айтканда, 2026-жылдын тогуз айында:
- ОСАГО боюнча 1 472 жаранга камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү;
- Турак жайды милдеттүү камсыздандыруу (ОСЖ) боюнча 297 жаранга камсыздандыруу төлөмдөрү берилди;
- Өзгөчө кырдаалдардан жабыркаган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлүп, турак жай ээлерине тиешелүү колдоо көрсөтүлдү.
Жалпысынан, МКУ тарабынан 2026-жылдын тогуз айында бардык багыттар боюнча жарандарга 500 млн сом өлчөмүндө камсыздандыруу төлөмдөрү жүргүзүлдү.



