Башкы беткеКоомБишкек-Пхукет түз аба каттамдары ачылат

Бишкек-Пхукет түз аба каттамдары ачылат

Өзбекстандын Qanot Sharq авиакомпаниясы 2026-жылдын 17-ноябрынан тарта Бишкек — Пхукет (Таиланд) багыты боюнча түз аба каттамдарын аткара баштайт.

Маалыматка ылайык, жаңы каттамдар жумасына эки жолу Airbus A321neo учактары менен жүргүзүлөт. Бул Бишкектен Түштүк-Чыгыш Азиядагы популярдуу туристтик багыттардын бири болгон Пхукетке түз жетүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Жаңы аба каттамы Кыргызстандан эл аралык авиакаттамдардын географиясын кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Таиланддын ортосундагы туристтик байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Qanot Sharq компаниясынын жаңы багыты кыргызстандык жүргүнчүлөр үчүн Таиландга түз каттамдардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар