Ысык-Көл жана Баткен облустарынын айрым аймактарында 25–26-сентябрда нөшөрлөгөн жаан-чачын күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүү коркунучу жаралышы мүмкүн. Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү ыктымал.
ӨКМ жарандарды аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу сак болууга чакырып, коопсуздук чараларын көрүүнү сунуштады.
Мындан тышкары, селдин алдын алуу максатында үй-жайлардын айланасындагы жана жол жээктериндеги сел өткөрүүчү арыктарды тазалап коюу сунушталды.



