Башкы беткеКоом28-сентябрга карата дүйнөлүк мунайдын баасы

28-сентябрга карата дүйнөлүк мунайдын баасы

28-сентябрдын таңындагы маалымат боюнча, дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы жогорулады. Бул тууралуу Казинформ билдирди.

Brent маркасындагы мунайдын фьючерстери 1,74% өсүп, баррели 106,14 долларды түздү. WTI мунайы 0,90% кымбаттап, 93,24 доллардан сатылды.

Ал эми Орусиянын Urals мунайынын баасы 3,57% өсүп, баррели 113,61 долларга жетти.

Мунайдын кымбатташына Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жана мунай жеткирүүлөр үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деген кооптонуулар таасир этүүдө.

Ошондой эле инвесторлор АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүнө көз салып жатышат. Тараптардын мүмкүн болгон келишими Ормуз кысыгы аркылуу мунай ташуунун калыбына келишине таасир этиши мүмкүн.

Иран 25-сентябрда АКШ менен келишим түзүүгө даяр экенин билдирген. Ошол эле учурда Тегеран сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого даяр экенин айтып, жаңы аскердик жаңжалды да жокко чыгарган эмес.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар