Башкы беткеКоомУлуу Британияга жумушка барууда шылуундардан сак болуу эскертилди

Улуу Британияга жумушка барууда шылуундардан сак болуу эскертилди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдө жарандарды ишке орноштуруу борбору кыргызстандыктарды Улуу Британияда жумушка орноштурууну убада кылган шылуундардан сак болууга чакырды.

Борбордун маалыматына ылайык, учурда Pro-Force Limited компаниясына жумушка орноштуруу боюнча жалган жарыялар тарап жатат. Алдамчылар компаниянын атынан жасалма жумуш сунуштарын жана расмий документтерге окшош кагаздарды жөнөтүп, кийин виза же башка кызматтар үчүн акча талап кылышы мүмкүн.

Жарандарга белгисиз адамдардын жеке эсептерине акча которбоо, паспорттук жана банктык маалыматтарды, картанын реквизиттерин, сырсөздөрдү жана ырастоо коддорун бербөө сунушталды.

Ошондой эле шектүү шилтемелерге өтпөөгө жана электрондук даректерди кылдат текшерүүгө чакырылды. Улуу Британиянын визасы үчүн төлөмдөр GOV.UK сайты аркылуу расмий арыз берүү учурунда жүргүзүлөт.

Чет өлкөдө ишке орношуу боюнча расмий сунуштар migrant.kg сайтында жарыяланат. Каттоо акысыз жүргүзүлөрү жана программалардын башталышы расмий түрдө гана жарыяланары белгиленди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар