Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, жайыттарды калыбына келтирүү максатында республикалык бюджеттен 50 млн сом бөлүнгөн.
Бул каражатка жалпы 186 тонна 440 килограмм жайыт чөптөрүнүн үрөнү сатылып алынган.
Алардын арасында шалбаа бетегеси, кылкансыз түбү бош чөп, райграс жана эспарцеттин үрөндөрү бар.
Учурда сатылып алынган үрөндөр себүү иштерин жүргүзүү үчүн аймактарга жеткирилүүдө.



