Кыргызстанда фармацевтикалык индустриалдык парк түзүү боюнча долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти.
Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен «21st Century Biomedicine» компаниясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Долбоорду уюштуруучулук, техникалык жана юридикалык жактан коштоо иштерин «МедФарм Консалтинг» компаниясы жүргүзөт.



