Башкы беткеКоомШайлоо: мамлекеттик органдар менен Боршайкомдун жумушчу кеңешмеси өттү

Шайлоо: мамлекеттик органдар менен Боршайкомдун жумушчу кеңешмеси өттү

Борбордук шайлоо комиссиясында президенттик шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жумушчу кеңешме өттү.

Боршайкомдун маалыматына караганда, жыйынга Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана башка мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Кеңешмени БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров өткөрдү.

Жыйында шайлоо процессине даярдык көрүүдө мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүүсү жана маалыматтарды ыкчам алмашуу маселелери талкууланды.

Анын ичинде президенттикке талапкерлердин жарандыгы, соттуулугу, кылмыштуу же куралдуу топторго тиешеси, ошондой эле диний ишмердикке катышуусу боюнча маалыматтарды берүү маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин тастыктаган сертификаттарын текшерүү, тестирлөөнү уюштуруу жана тиешелүү маалыматтарды өз убагында алмашуу боюнча маселелер каралды.

Тынчтык Шайназаров шайлоого даярдыктын бардык этаптарында мамлекеттик органдардын өз ара макулдашылган жана ыкчам иш алып баруусу маанилүү экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар