Башкы беткеМинистрлер кабинетиАраванда шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Араванда шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды

Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземи 28-сентябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда өттү.

Жаңы имараттын жалпы аянты 580 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2026-жылдын 19-январында башталып, долбоор министрликтин ички каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган.

Буга чейин башкармалыктын кызматкерлери 1963-жылы курулган эски имаратта иштеп келишкен. Жаңы имаратта кызматкерлер үчүн заманбап шарттар түзүлдү.

Министрликтин маалыматына караганда, Нурдан Орунтаевдин көзөмөлүндө министрликке караштуу 20га жакын административдик имарат курулуп, пайдаланууга берилген. Бул иштер аймактардагы мамлекеттик мекемелердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар