Башкы беткеКоомТамак-аш калдыктары авиацияга караганда климатка көбүрөөк зыян келтирет — БУУ

Тамак-аш калдыктары авиацияга караганда климатка көбүрөөк зыян келтирет — БУУ

Дүйнөдө күн сайын 1 миллиардга жакын порция тамак-аш желбей, таштандыга кетет. Тамак-аш калдыктары глобалдык парник газдарынын чыгарылышынын 8–10 пайызын түзөт. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматына таянып казинформ жазды.

БУУнун маалыматына ылайык, ысырап болгон азык-түлүктүн 60 пайызга жакыны үй чарбаларына туура келет. Тамак-аш калдыктары таштанды төгүлүүчү жайларда кычкылтексиз чириген учурда атмосфераны жылытууга таасир эткен метан газы бөлүнүп чыгат.

БУУнун Айлана-чөйрө боюнча программасынын өкүлү Майкл Мурата тамак-аш калдыктарынан чыккан газдардын көлөмү дүйнөлүк авиация тармагынын жалпы чыгарындысынан дээрлик беш эсе көп экенин белгилеген.

Адистердин пикиринде, метандын бөлүнүшүн азайтуунун натыйжалуу жолдорунун бири — тамак-аштын ысырап болушуна жол бербөө. “Food Waste Breakthrough” демилгеси 2030-жылга чейин тамак-аш калдыктарын эки эсеге кыскартууну жана метандын бөлүнүшүн 7 пайызга азайтууну көздөйт.

БУУнун маалыматына караганда, бир катар өлкөлөрдө тамак-аш калдыктарын азайтуу боюнча долбоорлор ишке ашырылууда. Айрым мамлекеттерде ашыкча азык-түлүктөр чогултулуп, социалдык жактан аяр катмардагы балдарга жана муктаждарга берилүүдө.

Ошондой эле органикалык калдыктарды туура бөлүп, компост кылуу метандын пайда болушун кыйла азайтууга мүмкүндүк берет.

Метан чыгарындысын кыскартуу боюнча глобалдык келишимдин алкагында 60тан ашык өлкө 2030-жылга чейин таштанды тармагындагы метандын көлөмүн 2020-жылдагы деңгээлге салыштырмалуу 30–35 пайызга азайтууга милдеттенме алган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар