“Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркынын кайрылуусунун негизинде Ноокат районундагы паркка караштуу аймакта текшерүү жүргүзүлдү.
Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын маалыматына караганда, текшерүү учурунда жергиликтүү тургундардын айрымдары жер тилкелерин тиешелүү уруксат документтери жок, ижара келишиминин мөөнөтү бүткөнүнө карабастан же бөлүнгөн жердин чегинен чыгып пайдаланып жатканы аныкталган.
Бул фактылар боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 237, 239 жана 241-беренелерине ылайык жалпы 34 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, жер кыртышын бузгандыгы үчүн Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык жалпы 127 миң 314 сом өлчөмүндө доо коюлду.



