Министрлер Кабинетинин төрагасы — Президенттин Администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев 1–2-октябрда Беларусь Республикасына, Минск шаарына иш сапары менен барат.
Сапардын алкагында ал Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Жыйын тар жана кеңейтилген курамда өтүп, анда соода-экономикалык байланыштар жана ар түрдүү тармактардагы кызматташтык маселелери талкууланат.
Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев «Иннопром. Беларусь» эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнө катышат. Ал көргөзмөнүн «Өндүрүштүк-технологиялык кызматташтык: бири-бирин толуктаган өнөктөштүк» аттуу пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.
Иш-чараларга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы, ошондой эле байкоочу жана чакырылган мамлекеттердин делегация башчылары катышат.


