Кыргызстандын балбаны Мээрим Жуманазарова Азия оюндарында кезектеги жеңишин камсыздап, мелдештин жарым финалына чыкты.
Ал 68 кг чейинки салмак категориясында чейрек финалда Өзбекстандын өкүлү Фируза Эсенбаева менен беттешти.
Жолугушууда Жуманазарова атаандашына мүмкүнчүлүк бербей, 8:0 эсебинде жеңишке жетти. Ошентип, кыргызстандык балбан жарым финалга жолдомо алды.
Мээрим Жуманазарова — Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшүндөгү лидерлеринин бири. Ал Азия оюндарында өлкөнүн намысын 68 кг салмак категориясында коргоп жатат.



