Башкы беткеКоомАсан Жанышов Азия оюндарынын финалына чыкты

Асан Жанышов Азия оюндарынын финалына чыкты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча балбаны Асан Жанышов Япониянын Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын финалына жолдомо алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

87 кг салмакта күч сынашкан спортчу чейрек финалда Өзбекстандын өкүлү Жалгас Бердимуротовду 4:0 эсебинде жеңген. Ал эми жарым финалда казакстандык Шамил Ожаевди 6:1 эсебинде утуп, башкы байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Эми Асан Жанышов алтын медаль үчүн үй ээси Япониянын балбаны Тайзо Ёшида менен беттешет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар