Ипотека же башка насыя толугу менен төлөнүп бүткөндөн кийин кыймылсыз мүлктү күрөөдөн эми «Түндүк» мамлекеттик порталы аркылуу онлайн режимде алып салууга болот. Бул тууралуу «Түндүк» ААКтан билдиришти.
Жаңы кызмат жарандарга Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин филиалына барбастан жана кагаз түрүндөгү документтерди тапшырбастан, процедураны онлайн жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кызмат көрсөтүлгөндөн кийин анын жыйынтыгы электрондук форматта берилет.



