Башкы беткеКоомЧубак ажынын аты Оштогу чоң көчөлөрдүн бирине ыйгарылат

Чубак ажынын аты Оштогу чоң көчөлөрдүн бирине ыйгарылат

Ош шаарындагы чоң көчөлөрдүн бирине Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет.
Калаа башчысы Жанар Акаев анын сунушу шаардык кеңеште колдоо тапканын соцтармактагы баракчасына жазды.
Ошондой эле Аношин көчөсүн коомдук ишмер Бегиш Аматовдун атына өзгөртүү сунушталды.
Белгилей кетсек, дин аалымы, коомдук ишмер Чубак ажы Жалиловго май айында Кыргыз Республикасынын Баатыры эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Көзү тирүү болгондо быйыл 51 жашка чыкмак.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар