АКШнын Калифорния штатындагы иш сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Калифорния университетинин Дэвис кампусунун (UC Davis) кулпунай селекциясы боюнча программасынын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда түшүмдүүлүгү жогору жана ооруларга туруктуу кулпунайдын жаңы сортторун чыгаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Ошондой эле Кыргызстанда жаңы сортторду сыноо, адистердин тажрыйба алмашуусу жана питомниктердин базасын өнүктүрүү боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.



