Фермерлерге мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
Бул насыянын шарттары менен Жалал-Абад облусунан келген фермер Амирбек Атакулов да пайдаланып, «Кыргыз Агрохолдинг» ААКнын «Элита» мал чарба филиалынан Абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдарды сатып алды.
Анын айтымында, насыя алуу үчүн банкка кайрылып, үйүн күрөөгө койгон. Процесс учурунда кыйынчылык жаралбаганын жана насыянын шарттары ыңгайлуу экенин белгиледи.
Асыл тукум мал сатып алууга берилүүчү насыя жылдык 3 пайыздык үстөк менен 5 жылга чейин берилет. Мындан тышкары, 12 айга чейинки жеңилдетилген мөөнөт каралган.
500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз берилсе, 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыя күрөө менен берилет.
Насыя банк тарабынан жактырылгандан кийин фермер «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен келишим түзүп, «Элита» филиалынан асыл тукум малдарды тандап сатып ала алат.
Долбоор мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана эт өндүрүшүн жогорулатууга багытталган.



