Кара-Суу районунда рейддик салыктык көзөмөл учурунда 304 миң 642 сомдук эсепке алынбаган товар аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Жүк ташуучу унааны текшерүүдө салык кызматы тарабынан коюлган пломбанын бузулганы жана унаада эсепке алынбаган товар бар экени аныкталган.
Бул факты боюнча тиешелүү материалдар даярдалып, күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлөт.
Салык кызматынын маалыматына караганда, контролдук пломбаны өз алдынча бузган же үзгөн адамдарга 100 миңден 200 миң сомго чейин айып пул салынат.
Ал эми эсепке алынбаган товарды жашырган учурда айып пул салынып, товар конфискацияланышы мүмкүн.



