Нарын облусунда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин топурактын агрохимиялык абалын аныктоочу лабораториясы ишин баштады.
Лабораториянын ачылышына Департаменттин жетекчилиги, Борбордук токсикологиялык лабораториянын башчысы, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү жана фермерлер катышты.
Нарын облусуна топуракты агрохимиялык изилдөө үчүн көчмө лабораториялык топтом биринчи жолу алып келинип, анын жардамы менен топурактын негизги агрохимиялык көрсөткүчтөрүн жеринде аныктоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Жаңы лаборатория фермерлерге топурактын абалын илимий негизде баалоого, жер семирткичтерди туура пайдаланууга жана айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө натыйжалуу агротехникалык чечимдерди кабыл алууга көмөктөшөт.
📍 Дареги: Нарын шаары, Мусулманкулов көчөсү, 12Б
📞 Байланыш: 0700 040 406, 0706 842 843
Нарын облусунун фермерлери топурактын курамын текшертип, жер семирткичтерди туура колдонуу жана түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча маалымат ала алышат.



