Бүгүн, 30-сентябрда Япониянын Айти-Нагойя шаарында өтүп жаткан XX Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык спортчу Раззак Бейшекеев коло медалга ээ болду.
Ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде Катардын өкүлү Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңди.
Жарым финалда өзбекстандык Айтжан Халмахановго 0:5 эсебинде жеңилип калды.
Коло медаль үчүн беттеште Бейшекеев кытайлык Ленг Жини 5:1 эсебинде жеңип, мелдештин байге ээси болду.



