Бишкекте иттерди сейилдетүүгө арналган атайын аянтчаларды түзүү иштери үч даректе башталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Мериядан ьилдиргендей аянтчалар Тоголок Молдо атындагы скверде, Иманалы Айдарбеков көчөсүндө жана Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде уюштурулат.
Бул тапшырманы мэр 26-августта шаардагы сейил бактар менен скверлерди кыдырып, алардын абалы менен таанышкан учурда берген.
Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү аянтчада учурда даярдоо жана курулуш иштери жүрүп жатат. Ал эми Эркиндик бульвары менен Ж. Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишиндеги атайын зона болжол менен 300 чарчы метрди түзөт. Аймак тосмолонуп, иттерди коопсуз сейилдетүүгө ылайыкташтырылат.
Аянтчада чөп төшөлгөн зона, эс алуу үчүн бастырма, отургучтар жана үстөлдөр орнотулат. Ошондой эле иттер үчүн оюн конструкциялары, ичүүчү суу түйүнү жана таштанды челектери каралган.
Коопсуздук үчүн бийиктиги 1,8 метрлик тосмо орнотулуп, кире беришке эки катар дарбазадан турган тамбур жасалат.
Мэриянын маалыматына ылайык, мындай аянтчаларды түзүү үй жаныбарларын коопсуз сейилдетүүгө жана шаар тургундарынын коомдук жайларды ыңгайлуу пайдалануусуна шарт түзөт.



