Башкы беткеКоомБишкекте Сүймөнкул Чокморовду эскерүүгө арналган кече өттү

Бишкекте Сүймөнкул Чокморовду эскерүүгө арналган кече өттү

Бишкектеги Сүймөнкул Чокморов атындагы музей-устаканада залкар актер, сүрөтчү жана коомдук ишмердин жаркын элесине арналган эскерүү кечеси өттү.

Иш-чарага чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана Сүймөнкул Чокморовдун жакындары Бегимжан жана Эльмира Чокморовалар катышты. Алар залкар инсандын өмүр жолу, чыгармачылыгы жана адамдык сапаттары тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүштү.

Кечеде «Кызыл алма» көркөм тасмасы көрсөтүлүп, музыкалык чыгарма аткарылды. Ошондой эле музей-устаканада экскурсия уюштурулуп, келгендер актердун жеке буюмдары, сүрөттөрү, картиналары жана архивдик материалдары менен таанышты.

Иш-чара Сүймөнкул Чокморовдун чыгармачылык мурасын эскерүүгө жана анын кыргыз маданиятына кошкон салымын даңазалоого арналды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар