Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун жетекчилиги сынга кабылды

Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун жетекчилиги сынга кабылды

Бүгүн, 30-сентябрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим-изилдөө институтунун жамааты менен жолугушту.

Ал мекемедеги аяктоо алдында турган оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, компьютердик томограф жана ангиографиялык жабдуулар орнотула турган жайларды көрдү. Жабдууларды орнотууга даярдык иштеринин создугуп жатканы сынга алынды.

Жолугушууда медициналык мекеменин иштөө шарттары, медициналык жардамды уюштуруу жана кызматкерлердин сунуштары талкууланды. Улан Маматканов институттун жетекчилигин башкаруу чечимдерин кеч кабыл алгандыгы жана тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө начар болгондугу үчүн сынга алды.

Жыйынтыгында Саламаттык сактоо министрлигине жана институттун жетекчилигине аныкталган көйгөйлөрдү чечүү жана мекеменин натыйжалуу ишин камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар