Жүргүнчүлөрдүн ички каттамдардагы авиабилеттердин баасына байланыштуу суроолоруна жооп иретинде Asman Airlines төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Авиациялык күйүүчү майдын баасы
2026-жылдын башынан бери ички каттамдар үчүн авиатопливонун баасы КНСти эске алуу менен 95,7%га өстү. Натыйжада күйүүчү майдын авиакомпаниянын операциялык чыгымдарындагы үлүшү 60%дан 73%га чейин көбөйдү. Ошондой эле аба кемелерин техникалык тейлөө жана башка операциялык чыгымдар жогорулады.
Буга карабастан, 2026-жылдын 1-августунан тартып тарифтер эки багытта гана өзгөртүлдү. Максималдуу өсүш 1000 сомду түздү:
- Бишкек–Ош — бир тарапка максималдуу тариф 6500 сом;
- Бишкек–Манас — бир тарапка максималдуу тариф 5000 сом.
Калган багыттарда тарифтер өзгөрүүсүз сакталды.
Аймактык каттамдар
Бишкек–Талас, Бишкек–Нарын, Бишкек–Казарман, Бишкек–Кербен, Бишкек–Баткен, Бишкек–Раззаков, Бишкек–Каракол жана Ош–Каракол каттамдары социалдык жана дотациялык багыттар болуп саналат.
Бул каттамдар мамлекеттик субсидиялоо программасынын колдоосу менен аткарылат жана жүргүнчүлөрдүн саны жетиштүү болгон учурда да авиакомпания үчүн чыгымдуу болуп саналат.
Билетти үнөмдүү сатып алуу
Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас багыттарында үч деңгээлдүү тарифтик система иштейт. Билеттерди алдын ала сатып алууда баа 4100 сомдон башталат.
Эгер орун үчүн негизсиз кошумча акы талап кылынса же коррупциялык мүнөздөгү башка фактыларга туш болсоңуз, +996 550 527 070 номерине кабарлаңыз. Кайрылууда рейстин датасын жана номерин, билет сатып алынган жерди жана окуянын жагдайларын көрсөтүү зарыл.
Расмий каналдар:
🌐 www.asmanairlines.kg
📱 Asman Airlines тиркемеси
💬 WhatsApp: +996 999 251 600



