Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы Дордой конушунда №94 орто билим берүү мектебинин жанына 570 орундуу жаңы окуу корпусу курулду. Эки нөөмөттү эске алганда 1000 ден ашык окуучу билим ала алат.
Министрликтен маалымдашкандай, объекттин курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзгөн үч кабаттуу заманбап окуу корпусу курулду. Имаратта окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн бардык зарыл шарттар каралган.
Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери аяктап, ички жасалгалоо, эмеректерди жайгаштыруу жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.



