Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы 1200 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады. Мектеп пайдаланууга берилгенден кийин эки мөөнөт менен 2500ден ашык окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.
Министрликтен кабарлашкандай, объекттин курулушу быйыл март айында башталып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды. Мектептин курулушуна старт берүү иш-чарасына Президент Садыр Жапаров катышып, мезгил кутучасын салган.
Долбоорго ылайык, жалпы аянты 13 610 чарчы метрди түзгөн беш блоктон турган төрт кабаттуу мектептин имараты курулду. Анда заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, эмгек жана компьютердик класстар, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары каралган. Мындан тышкары, мектептин аймагында футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары жайгашып, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө мектептин курулуш иштери толугу менен аяктап, окуу процессин баштоого акыркы даярдык иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин бул жерде 1964-жылы курулган мектеп иштеп, анда 2000ге жакын окуучу билим алып келген.



