Башкы беткеМинистрлер кабинетиАИ-92 бензинине субсидия: айына 150 литр керектеген айдоочу 4 632 сом үнөмдөйт

АИ-92 бензинине субсидия: айына 150 литр керектеген айдоочу 4 632 сом үнөмдөйт

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы АИ-92 бензинине берилген субсидиянын негизинде бир айдоочуга көрсөтүлүп жаткан мамлекеттик колдоонун көлөмүн эсептеп чыкты.

Учурда күйүүчү майга берилген субсидиянын өлчөмү төмөнкүдөй:

  • АИ-92 бензини — 1 литрине 30,88 сом;
  • дизель майы — 1 литрине 42,27 сом;
  • автогаз — 1 литрине 5,38 сом.

Мамлекеттик каттоо борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда 1,5 млнго жакын автотранспорт каражаты катталган. Анын 1,2 миллиондойу жеңил, 300 миңге жакыны жүк ташуучу унаалар.

Эгер айдоочу күнүнө орточо 5 литр АИ-92 бензинин керектесе, бир айда болжол менен 150 литр күйүүчү май сарптайт. Анын ар бир литрине 30,88 сомдон субсидия берилгенде, бир айдагы мамлекеттик колдоонун көлөмү 4 632 сомду түзөт.

Башкача айтканда, 150 литр × 30,88 сом = 4 632 сом.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, мындай мамлекеттик колдоо жарандардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтууга жана автоунааны пайдаланууга байланышкан каржылык жүктү жеңилдетүүгө багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар