Башкы беткеКоом"Мадина" базарындагы өрттөн келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда

“Мадина” базарындагы өрттөн келтирилген чыгымдын көлөмү аныкталууда

«Мадина» базарындагы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу маалыматтар тарады. Буга байланыштуу учурда өрттүн келип чыгуу себептери жана келтирилген чыгымдын көлөмүн аныктоо боюнча иштер улантылып жатканы маалымдалды. Бул тууралуу мериядан билдиришти.

Алдын ала эсептөөлөрдүн негизинде чыгымдын суммасы Свердлов райондук администрациясы тарабынан аныкталып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Ошол эле учурда тергөө иштери дагы уланууда. Анын алкагында окуянын бардык жагдайлары жана өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталууда.

Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Тиешелүү тергөө жана текшерүү иштери аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин компенсация төлөө маселеси каралат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар