5-октябрда Бишкекте жаңы «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземи өтөт. Ага 65 миңге чейин көрүүчү катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу мерия билдирди.
Ири иш-чарага байланыштуу шаарда транспорт агымы көбөйүп, жол тыгындары жаралышы мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна ылайык, 5-октябрда Бишкек шаарындагы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, министрликтер, ведомстволор, бюджеттик уюмдар жана билим берүү мекемелери онлайн форматта иштейт.
Бул чара шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтуу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мекемелердин ишин, ошондой эле окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында кабыл алынган.



