Башкы беткеКоом"Бишкек Арена" стадионунун ачылышына акысыз автобустар каттайт

“Бишкек Арена” стадионунун ачылышына акысыз автобустар каттайт

5-октябрда «Бишкек Арена» стадионунун ачылыш аземине байланыштуу жарандар үчүн акысыз автобус каттамдары уюштурулат.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, автобустар белгиленген 10 пункттан стадионго чейин жана кайра каттайт. Жарандарды «Бишкек Аренага» жеткирүү саат 15:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Акысыз автобустар төмөнкү пункттардан жөнөйт:

– «Өчпөс от» — Ибраимов көчөсү – Фрунзе көчөсү;

– «Батыш автобекети» — Жибек Жолу проспекти – Кулиев көчөсү;

– «Киркомстром» — Барпы Алыкулов көчөсү, 32;

– Асанбай кичи району — А. Токомбаев көчөсү, 3/7;

– «Ак-Кула» автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13Б/1;

– Аламүдүн-1 кичи району — Ауэзов көчөсү, 4;

– Көк-Жар конушу — Ахунбаев көчөсү – Достоевский көчөсү;

– Т. Фрунзе көчөсү — Гагарин көчөсү, 284;

– Абдымомунов көчөсү, 220;

– Сухэ-Батор көчөсү — «Глобус» дүкөнү.

Мэрия тургундарды жана шаардын конокторун акысыз автобустарды пайдаланууга чакырып, жөнөө пункттарына алдын ала келүүнү сунуштады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар