Башкы беткеКоомЖоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль утту

Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарында алтын медаль утту

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Японияда өтүп жаткан Азия оюндарында алтын медаль жеңди. Бул Кыргызстандын курама командасынын быйылкы оюндардагы биринчи алтын медалы болду.

Грек-рим күрөшү боюнча 60 килограммга чейинки салмак категориясынын финалында Шаршенбеков өзбекстандык Алишер Ганиев менен беттешип, аны 7:5 эсебинде жеңди.

Балбан мелдешти 1/8 финалдан баштаган. Ал бул этапта Түштүк Кореянын өкүлү Ким Дахюнду 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда уткан.

Чейрек финалда Шаршенбеков Түркмөнстандын балбаны Азатжан Ачиловду 8:0 эсебинде жеңсе, жарым финалда Ирактын өкүлү Сажад Али Мукасра Альбидханды да 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, финалга чыккан.

XX жайкы Азия оюндары Япониянын Нагоя шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтүп жатат.

Кыргызстандын намысын мелдеште спорттун 30 түрү боюнча 168 спортчу коргоп жатат. Жалпысынан Азия оюндарында 45 өлкө жана аймактан 11 миңге жакын спортчу катышып, 469 комплект медаль ойнотулууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар