Башкы беткеМинистрлер кабинетиКараколдо Карылар күнүнө арналган иш-чара өттү

Караколдо Карылар күнүнө арналган иш-чара өттү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Карылар күнүнө арналган майрамдык иш-чара өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жана Министрлер кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев катышты.

Улан Маматканов улуу муундун өкүлдөрүн Карылар күнү менен куттуктап, алардын көп жылдык эмгегине, турмуштук тажрыйбасына жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымына ыраазычылык билдирди.

Ал белгилегендей, улуу муунга кам көрүү, татыктуу жашоо шарттарын түзүү жана жарандарды социалдык жактан колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Ошондой эле 2026-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстанда пенсиянын өлчөмү жогорулатылганын белгиледи. Бул чара жарандардын социалдык жактан корголушун күчөтүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ишке ашырылган.

Иш-чарадан кийин Улан Маматканов Ысык-Көл облусунда 100 жаштан ашкан узак өмүр сүргөн Түкөш Мамельбаева, Зууракан Курпенова жана Орумкан Солтонкуловадан кабар алды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары аларды майрамы менен куттуктап, эстелик белектерин тапшырды. Ошондой эле ардагерлерге бекем ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар