Бүгүн, 1-октябрда Кыргызстан менен Россиянын Жогорку сотторунун ортосунда кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган маанилүү иш-чара өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө эки өлкөнүн Жогорку сотторунун башчылары Медербек Сатыев менен Игорь Краснов жолугушуп, сот тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту.
Жолугушууда тажрыйба алмашуу, сот кадрларын даярдоо жана кесиптик билим берүү багытындагы кызматташтык маселелери талкууланды.
Медербек Сатыев кыргызстандык көптөгөн соттор Россиянын жогорку окуу жайларында билим алып, тажрыйба топтогонун белгиледи. Анын айтымында, бул байланыштар бүгүнкү күндө да эки өлкөнүн сотторунун ортосундагы кызматташтыкты бекемдеп келет.
Ал эми Игорь Краснов келишим тажрыйба алмашууга жана сот кадрларын окутуу багытындагы кызматташтыкка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.
Тараптар кол коюлган макулдашуу иш жүзүндөгү кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдиришти.



