Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Россияда өткөн спорттук мелдеште жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, мелдештер биргелешкен аскердик машыгуулардын алкагында өтүп, ага сегиз мамлекеттин аскердик контингенттеринин курама командалары катышты.
Аскерлер волейбол, футбол, аркан тартыш, гиря көтөрүү жана кол күрөш боюнча күч сынашты.
Жыйынтыгында Кыргызстандын аскердик контингенти жалпы командалык эсепте байгелүү 2-орунга ээ болду.



