Сузак районунда жайыт категориясындагы жерлерди турак жай курууга мыйзамсыз бөлүп берүү жана жер тилкелеринин бири-бирине кабатташып калуусу боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жайыт категориясындагы жер тилкелери мыйзамсыз түрдө турак жай курууга берилген. Ошондой эле бир эле жер тилкеси бир нече адамга бөлүнүп берилген учурлар аныкталган.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси — «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматына тапшырылган.
Тергөө учурунда мурдагы Ырыс айыл өкмөтүнүн жана «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин айрым кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталганы айтылды.
29-сентябрда шектүү катары Ырыс айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысынын орун басары А.А., жер жайгаштыруу боюнча адистер М.Д. жана Э.А., ошондой эле картограф Р.С. кармалган. Алар Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Алдын ала маалымат боюнча, мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү 1 млн 419 миң сомду түзгөн.
Учурда тергөө иштери уланууда.



